Орусияда кыргыз жараны "чогуу иштеген адамды бычактап салды" деп шектелүүдө

Орусияда кыргыз жараны "чогуу иштеген адамды бычактап салды" деп шектелип жатканын "Наурфо.ру" маалымат агенттиги 21-март күнү жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Орусиянын Миасс шаарында 27 жаштагы кыргыз жараны өзү менен чогуу иштеген 23 жаштагы адамды бычактап салган. Жабыр тарткан адам оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айыпталып жаткан кыргыз жараны кармалып, ага карата Орусиянын мыйзамдары боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Жеке айтышууларга тыюу салынат.