Теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектүү жаран Түркиядан Бишкекке алынып келинди
Диний адис Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келинди. Маалыматты бүгүн, 21-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да кайтарып алуу маселеси каралып жатканы айтылды.
Шектүүнү кыргыз жерине ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып келишип, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.
Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында. Министрлик аталган жаранды экстрадициялоого көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине, Түркиянын полициясы менен Миграциялык кызмат боюнча департаментине ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Urmat_83

21.03.2016. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акчасын алып туруп кое бергиле кичине чонтокту толтуруп аласынар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.