super.kg logo

7-апрель окуясы боюнча сотто жактоочу туура эмес көрсөтмө бергенин айтып жабырлануучуну сынга алды

 
7-апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын жактоочусу Улан Дастан уулу жабырлануучу Азатбек Ибраимовдун бүгүн, 26-мартта берген көрсөтмөсү туура эмес экенин айтты. “Мурдагы көрсөтмөңүздө сиз Ак үйдүн алдындагы аскерлер элге каршы ок чыгарганын айткансыз. Бүгүн болсо имараттын чатырынан ок чыгарганын билдирдиңиз. Кайсынысы туура?” деди жактоочу. Андан соң жабырлануучулар менен жактоочулардын арасында нааразычылык пайда болду. Көпчүлүгү Ибраимовдун мурунку көрсөтмөсү туура экенин айтышты.  Жыйынга төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков Ибрагимовдун мурдагы көрсөтмөсүн окуп берди. Анда “Милиция кызматкерлери көздү ачыштыруучу зат колдонушуп, Ак үйдү коргоочу аскерлер элге каршы ок чыгарышты. Жабырланган адамдарды "тез жардам" кызматкерлери ооруканага алып кетип жаткан”,- деп жазылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: