Жабырлануучу 7-апрель күнү снайперлердин ок атканына күбө болгонун айтты
Бишкекте 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча кезектеги сот иши уланып, анда жабырлануучулар көрсөтмө беришүүдө. Алардын бири-Ош облусундагы Ноокат районунун тургуну Талант Шарипов. 41 жаштагы жабырлануучу мындай көрсөтмө берди: “Эл катары эле бул күнү саат 14:30да аянтка келгем. Дароо эле ок тийип ар жерде кулап жаткан адамдарды анан Ак үйдүн чатырынын батыш жана чыгышында жүргөн 2 снайперди көрдүм. Анын бири отуруп алып, экинчиси ары-бери басып аткылап жүрдү. Бир маалда белимдин үстүнө ок тийди”. Ага тийген ок автоматтын АКС-74 номериндеги огу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.