Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда иштебеген эски оорукананын 13 чарчы метр бөлмөсү күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Сузак районуна караштуу Достук айылында өрт кырсыгы катталды. Анда иштебеген эски оорукананын 13 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.