Стол тенниси боюнча Бишкектин Ачык чемпиондугунун жеңүүчүлөрү аныкталды (фоторепортаж)



















20-мартта Бишкекте стол тенниси боюнча шаардын Ачык чемпиондугу жыйынтыкталды. Аталган спорт түрүн жайылтуу, өнүктүрүү жана оюнчулардын чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган мелдешке 100дөн ашык спортчу катышты. Спортчулар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынан, Түркмөнстандан жана Казакстандан келишкен.
Жыйынтыгында жекеликте уландар арасында Талгат Сагындыков, кыз-келиндер арасында Нуркыз Аязбекова жеңишке жетишти. Ал эми жуптукта уландар арасында Закир Ташмухамедов менен Вячеслав Клычев чемпион аталса, кыз-келиндер арасында Жылдыз Аязбекова менен Нуркыз Аязбекова жеңип чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.