ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 15 жыл мурун “Том жана Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "атасы" атыккандардын бири Уильям Ханна каза тапкан
Мындан 15 жыл мурун, 2001-жылы 22-мартта америкалык мультипликатор Уильям Ханна 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан.
Уильям Ханна менен америкалык аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. “Том менен Жерри” мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган.
2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбера көз жумуп, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган.
22-марттын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.