Кыргыз армиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаевге чек араны коргоо иштери тууралуу маалымат берди
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчыга улуттук коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө аракеттери тууралуу маалымат берилди.
Президенттик аппараттын билдиришинче, аталган органдардын башчылары мамлекеттик чек араны коргоону жана кайтарууну күчөтүү, чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатында жасалып жаткан иштерди айтып беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

