super.kg logo

Нооруздан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды

 

Нооруз майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды. Муну бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди. Анын айтымында, борбордук аянтты тазалоо иштери кечээ таңкы саат 04:00дөн 10:00гө чейин жана 13:00дөн 16:00гө чейин эки ирет жүргүзүлдү.

Аянтты тазалоо иштерине 25 адам жана 2 таштанды ташуучу унаа тартылган. Таштандынын көбүн суусундуктардан калган желим бөтөлкөлөр түздү. Биз борбордук аянтка атайылап акыр-чикир үчүн контейнерлерди орноткон эмеспиз.

Мындан тышкары жалпы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн 100 адам жана 4 атайын техника тазалап, 40 куб таштанды чыгарылды”,- деди Көчкөнов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.03.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ сурот ош шаарынын борбору эмеско анынёк коргозсонор болмок
22.03.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, кабардын ылдыйын карасан, Фото: Интернеттен алынды деп турат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: