super.kg logo
  Саясат  

Германияда кыргызстандыктар жолугушту

 

Нооруз майрамынын урматына 23-мартта Германиянын Мюнхен шаарында Бавария федералдык аймагында жана коңшулаш шаарларда жашаган 100дөн ашуун кыргызстандыктардын салтанаттуу жолугушуусу болду. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктар Германиядагы жашоосу, иши жана окуулары тууралуу пикир алмашышты. Кечеде куттуктоо сөздөр айтылып, ыр-бий менен коштолду жана улуттук тамак-аштар тартууланды. Мюнхенде жашаган кыргызстандыктар тарабынан уюштурулган салтанатка КРнын  Германиядагы консулу катышуучуларды майрамы менен куттуктап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: