super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Жаштар күнү белгиленди

 
Облустук администрация жана КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы менен биргеликте 10-ноябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурушту. Ага облустун активдүү жаштары жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү жаштарга куттуктоо сөздөр айтылып, алардын ишин баалап Ардак грамоталар менен катар чакан белектер тапшырылды. Салтанат  КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 135-токтомунун негизинде уюштурулуп, жолугушууда КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин өкүлдөрү жана КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов менен пикир алышып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүндүк түзүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: