Данияр Дунганов: “Мен 7-апрелде “иттерди жок кылгыла деген буйрук берген эмесмин”
Бүгүн, 26-марттагы 7-апрель окуясына байланыштуу сот жыйынына Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Данияр Дунганов катышууда. Ал айрым күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө макул эместигин билдирүүдө. Бүгүнкү жыйында Марипа Алыйкулова аттуу күбө көрсөтмө берип, анда Дунганов рациядан "иттерди аткыла" деп буйрук бергенин айткан болчу. Дунганов буга каршы чыгып, "Мен бул аял менен Ак үйдүн алдынан, дарбазанын жанынан бетме-бет жолугуп, сүйлөшкөм. Азыр эми туура эмес көрсөтмө берүүдө. Рациядан “иттерди жок кылгыла” деген буйрукту мен берген эмесмин",- деди.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.