super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Баатыр энелерге электр энергиянын баасы 50 пайыз арзандатылабы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Баатыр энелерге электр энергиянын баасы 50 пайыз арзандатылчу эле. Азыр деле ушундай жеңилдик берилгенби? Суроо калтырган arman00.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алууга төмөнкүлөр укуктуу:

- 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар;

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар;

- эркектер - 65 жаш куракка жеткенден кийин, аялдар - 60 жаш куракка жеткенден кийин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- Баатыр энелер - 55 жаш курагына жеткенге чейин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда;

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган жетим балдар;

- ВИЧ/СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдар (18 айга толгуча).

Электр энергиянын баасын 50% арзандатуу маселеси министрликтин компетенциясына кирбегендигин билдирет.

Маалымат катары айтсак, электр энергиясы боюнча туруктуу каттооңуздун негизинде райондук же шаардык мамлекеттик администрацияга кайрылууңузду министрлик сунуштайт.

Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.03.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai3 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: