super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Аксыга барган өкмөт башчы элдин талабын толук укпай шашылыш кайтты... КМШ аймагындагы эң таза суу кыргыз жеринен чыгат...

 

Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Темир Сариев Аксы районундаКыргыз-өзбек чек арасында кырдаалдын оңолбой жатышы премьер-министр Темир Сариевди Аксыга барууга аргасыз кылды. Жергиликтүү элге жолуккан өкмөт жетекчиси борбордон атайын чек ара көйгөйү боюнча келгенин, кырдаалды өзгөртүүгө бардык аракет жасалып жатканын айтты. Чек арада жылыш болбой жатканын да моюнга алып, "ушундайда ичибизден бөлүнбөй, биригели" деп оппозициянын аракеттерин кыйыр түрдө сындады...

Чогулгандар премьер-министрге суроо жаадырып, жооп ала алышкан жок. Митингге катышкандар SUPER.KG порталына тастыктагандай, Сариев эл алдында кыска сүйлөп, шашылыш кайтып кетти. Маалыматка таянсак, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбаган көпчүлүк нааразычылык билдире баштаган маалда министрлер кабинетинин башчысы Ала-Бука районуна да барышы керектигин айтып ал жерден кеткен. Ошентип, аксылыктар 18-марттан бери күткөн жогорку бийликтин өкүлүнөн канааттандырарлык жооп ала албай калышканы айтылууда. Болгону анын "башкаларга 1 сантиметр да жер берилбейт" дегени эсте калды...

Аудиоматериалда колдонулган сүрөтБүгүн интернет желесине көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган аудио тарады. "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делген пикир алышууда бир нече адамдын 24-мартта Ош шаарында өтүүчү курултайды пландап жаткандары баяндалат. "Монтаждалган... Чын болушу мүмкүн"... Коомчулук азырынча эки түрдүү пикирде. Сүйлөшүүгө катышкандардын ким экени белгисиз, бирок материалда алар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков деп көрсөтүлүүдө. Сүйлөшүүнүн түбү оппозицияны бир күчкө бириктирип, бийликти алмаштырууга барып такалууда.

Тийиштүү органдар материалды иликтөөсү зарыл. Жасалган болсо жасагандарды, чын болсо өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттердин алдын алышы шарт. ИИМ аталган материалдан кабардар экенин, иликтөө жүрүп жатканын SUPER.KG порталына маалымдады. УКМК азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз жеринде таза суунун булагы молКМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз мамлекетинде жана Тажикстанда чыгат. Изилдөөлөр ушундай жыйынтык бергенин бизге бүгүн Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков билдирип, кыргыз жеринен чыккан суулардын микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча адам организмине пайдасы зор деп эсептелерин кошумчалады.

"Колдогу алтындын баркы жок" дейт элибиз. Дүйнөдө ичүүчү суу көзүнөн учкан көптөгөн мамлекеттер бар. Адистер саналуу жылдардан кийин суунун баасы алтындын наркына теңелерин айтып коңгуроо кагып жаткан учурда сай-сайдан салаалап агып жаткан табигый байлыгыбызга аяр мамиле кылуубуз зарыл.

Кыздардын өтө эрте турмушка чыгуусу өлкөдө жат көрүнүшБишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде бүгүн 15 жашар кыз төрөдү. Жапжаш келин никелүү күйөөсүнөн көз жарганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аталган айымдын күйөөсү, тагыраагы, мурунку күйөөсү учурда Орусияда иштейт. Экөө баш кошкондорунан көп өтпөй ажырашып кеткени белгилүү болду.

Кыздардын турмушка өтө эрте чыгышы кыргыздын заманга ылайыкташкан менталитетине туура келбейт. Муну эң оболу кыз жана анын ата-энеси ойлонууга тийиш. Эрте эне болуу айымдардын ден соолугуна зыяндыгын жана улуттун генофондуна терс таасир этерин адистер айтып келишет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө былтыр миңден ашуун кыз жашы жете электе кош бойлуу болушкан.

15 жашында эне болгон аталган кыз өзүнүн макулдугу менен турмушка чыккан. Күйөөсүнө карата эч кандай арыз жазган эмес. ИИМ дагы бул факты боюнча кылмыш иши козголбой турганын маалымдады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(28)
22.03.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушундайда опозициясы жон эле отурбайбы. Оздору бийликке келсе эле бир нерсени кыйратып ийчудой болбой.
23.03.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтогул суусун коё берип жибергиле, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-23 13:00:32
23.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
A3A - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
23.03.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,((((
23.03.2016. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
s9zen098,узбек "туугандар" ушундай кылып жатканда кыргыздар бири-бирибизге жакын бололучу! Оппозиция озунун нак бетин коргозду! Хотя бы ушундай мезгилде суйлобой эле турса туура болмок
22.03.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Темике ушунча акча коротуп келбей эле койсо болмок андан коро озбекстанга карата санкцияларды ойлоп таппайбы сох шахимарданга кируучу жолдорду жаап салбайбы булар оздору эле чыгып кетмек кечирип койгула биз адашып калыпбвз деп эмнеден коркушат жапкыла жолдорду границаны полный жаап салгыла биздин элди итак эле откорбой жатышат
22.03.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
more22,
Сиз айткандай кылып Сох Шахимарданга кеткен жолду жаап салса анда кыргызстанга акча тушпой калатта. Анан андай кыла турган болсо ХХХ кыргызстанда эле жашап алышатко.Мисалы мына Аксы жон эле чыгып жолун жаап салды
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-23 13:03:46
23.03.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka027 - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
22.03.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Сариев туура жана калыс сөзүн сүйлөп кетти.Сариев барбаса да айтмаксыңар,барбай койду деп.
22.03.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
sabyr86,Жон эле баргандан барбай койгону жакшы эле го, канча акчаны коротуп барды а жыйынтыгы эмне..? Сариевдин коркун кормок беле Аксылыктар!!!Баргандан кийин чындыкка чычалабай элдин созун толук угуш керек болчу,калп баргандын эмне кереги бар?!!
22.03.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
perichte,айтчы сен ошол жерде болдуңбу? Мен ошол жэрде болдум,элдин суроосуна толук эле жооп берди.ар бири м.н кайым айтышып отура бермек беле.
22.03.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бекназаров бийликти кыйраткандай айтатда.
22.03.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бекназаров аксыдан 2 жолу депутат болуп чек араны чечмек тургай жакын барган эмес Озу Руслан Бекназаров баласы экоо байыгандан башка бир дагы жарытылуу иш кылган жок Кыргызда: Жалганчы торго бир жолу отот деген соз бар.
22.03.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кадамжайда да сох м.н шахимардандын жолун жаап салган эч кимди откорбойт азырда
22.03.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бугунку куну баары чечилет деп атты эле.Эми бугун эртенкиге ото баштаптыр.Эртеси наркы кунго отот бу кетиште.
22.03.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен тангалам дале ушул Бекназаровго ишенип артынан ээрчигендер бар экен.Сариев болсо чынында иштин козун билген адам.Жогоруда айткандай ар бир ажылдаган киши менен айтышып отура бериши керекпи.Келбесе келбейт дейсинер,келсе эмне келди дейсинер деги эмне деген жансынар тушунбойм. Сариевтин оордуна башка кишини шайлап алпарса ага деле ушул чанжыр созунорду жазмаксынар.Бийликти эмес биринчи озунорду ондогула.
22.03.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
behappy74,аксыга сариев барып келди эле болуп калыптырда.неге барды ?
22.03.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
behappy74,100 пайыз кошулам
23.03.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
behappy74,Сариевдин емнеси жакшы,мен лично сыйлабайм азыркы бийликти емне болушса Ошо болушсун КЫРГЫЗСТАНЫМ. Тынч болсун Элими АЛЛА ОЗУ колдосун!!!!!
22.03.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз озбек чек арасындагы койгой торт кундон бери чечилбей кыргыз окмотунун эчнерсеге жарабай туруп бергени, калын калкктын конулунун чыналуусунан корккон бийлик айласыздан ошол жерге айласыздан баруусуна туура келди.Баардык ммк ларда ачык айкын эле жазылып айтылып жатпайбы бийликтин чабал саясатын эч кандай онуп осууго оз элин коргоого жондому жоктугун баса айтып жазып жатышат.Чындыгында Сариев барды да кетти эчкандай элдин унун койгойун уга албады,себеби ага да эрк керек эле чыдагыдай.
22.03.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизлин мамлекеттин ичиндеги аркандай жагдайда пайдаболуп чыналган социалдык койгойлорго бир гана кыргыз окмоту куноолу! Ошолокмотту башаарган Атамбаев туздон туз куноолу! Озунун олкосун коргой албай аркимди ортоно салып (ОДКБ)жардам сурашы ото чон уят нерсе! Бирнинчи жаманбы жакшыбы озунун элинин камын ойлосо кошуналар менен жакшы мамиледе болуусу керек эле бирок ал адам анте албады,демек элинин ынтымагы тынчтыгы ал адам учун озунун кызыкчылыгынан алда канча томон турат экен деп тушунсок болот
22.03.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахка мактоолор болсун мин мертебе ыраазымын жашоого жан беруучу суунун тазасын бизге бергенине
23.03.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекназаровдор тууган урук акча, жердеш болуп эле шайланып келип ататта бизде ушулда озубуздуку деп эле шайлай беришет.
Чек арадакыларды биринчи куну эле ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-23 13:05:05
23.03.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitpaaim - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
23.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул менин оюмча Атамбаевдин эле оюуну болушу мумкун. 24-марттагы митингге карата эл менен оппозициянын конулун буруу максатында.
23.03.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстаным тынч болсун! картадан карап алып ыйлагым Келди ОЗУ кичинекей мамлекет болсо аны ептей алышпайтат((((((((
23.03.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары озубуздо бар , Аллага шугур ошону тура пайдаланып чын дили мн иштешсе болбойбу((( Жее баарынын еле козун май басып калабы бийлике барганда, тушунбойм
23.03.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай кудаай ай жарыбадык го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: