super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Тойго көп киши чакырууну жана жылдап топтогон акчаны 2 күндө тойго чачып салууну колдобойм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойго көп адамдын келиши сизге маанилүүбү?" деген тема кызуу талкууну жаратты.

Темада:

"Той жакын адамдарың менен эле болгону жакшы. Калганы сынап келишет. Көп киши чакырып акча табам дегендер да адашат, андай акчалар дегеле жукпайт".

"Үйлөнүү тойго көптөгөн конокторду чакыруу салтка айланып бара жатат. Анткени сен да бирөөнүн тоюна барып катышасың, барганга жараша беш-он миң сом көтөрүп барасың. Анан ошол беш-он миңден берген акчаңды кайра жыйнап алышың керек да".

"Курбуларымдын тоюна күбө болуп, ата-энелерине боорум ооруп кетчү, "Ушунча адам, ушунча чыгым, ушунча ысырапкерчилик, ушунча убаракерчилик болгону ушул эки күн үчүнбү?" деп. Өзүм турмушка чыгарда эки бутумду бир өтүккө салып туруп алдым, "эч ким келбесин, мен ЗАГСка барам, шакек тагам, ошол болот" деп. Ашыкча "расходдун" кимге кереги бар? Сомду сомго тизип жылдап топтоп, 2-3 күндө чачып ийип, бармакты мурунга тыгып, моюнга карызды илип отуруп калабыз, тойдон кийин тон керек".

"Кыргыздын тоюнда аз киши болгон жарашпай калат го дейм. Бери дегенде эле 100 киши болсо керек. Томолой жетим эле болбосоң",- деген пикирлер айтылууда.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.03.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мусулманча нике кыйдырбаганы эле болбосо, калганын Европада туура эле кылат. Бир бакка эле узуун стол жасап, 4,5саатта жыргап ойноп кетип калышат. Кошмой мошмою жок эле. Бирокчу бирок андай кылайын десен ажыражуу коп экен. Биздикилер ашыкча чыгымдын айынан ата энелер тыйып коет балдарын. Кулжундабай жакшына жашагын! Сени эмне кайра кайра уйлой бергендей... деп. Эк ушул бойдон салт салты менен эле кала берсинчи. Бар болуп тогулуп чачылып той болуп турганга эмне жетсин(((
22.03.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той жакшы, тойго жеткирсин. Бирок, чыгым чындыгында өтө эле ашыкча.Элибиздин ток турмуш кечиришине балким ушул нерселер терс таасирин тийгизип жаткандыр.
22.03.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашыкча чыгым , Эл корсун, Азайтыш керек мындай ысраптарды.
22.03.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ар ким алына жараша иш кылсын,акчасы барбы чачсын,акчасы жокпу кыссын.
22.03.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ар ким алына жараша тоюн кылсын,
башканы коруп ичи тарып, мен да мындан сонун кылып берем - деген кыргызча "коро албастыгыбыз" бар,
ошонун кесепети менен атаандаштык кылып
той бергендерди четтен санап берем.
Эртен карасан тишинин кирин соруп, киридиттин кулу болуп иштеп жургондор канча?!

23.03.2016. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тойду эч ким эч убакта эч кайсы адамга сен мындай кыласын же мындай кылбайсын деп запрет коё албайт,болгону ошол чачып откоргон тойдун ээлери акчанын кадырын бильбегендер болсо керек,эртенки кунду ойлобогондор,бирок баары бир аалыга жараша откорушотта.менмин деген дунгуротуп тойду бергендер озу чондор,кайра ошол тыйып башташ керек,элге кормосоктобой
23.03.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тапканыбыздын баарын тойго бере берсек эч качан байыбайбыз,кафе ресторандардын кожоюндарын багып журо беребиз
26.03.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артыкча чыгымдардан сактануу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: