Кургак учуктан дарылануудан баш тарткандарды 3 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө кургак учук илдети менен жабыркап, бирок дарылануудан баш тарткан жарандарды күчтөп дарылоо, эгерде таптакыр макул болбосо 3 жылга эркинен ажыратууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзамга мындай толуктоо киргизүүнү бүгүн, 26-мартта ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева демилгеледи. “Көптөгөн жарандар абактан чыккан соң тиешелүү ооруканаларга барып дарыланбайт. Натыйжада башка жарандарга илдет жугууда. Эгерде мурда камалган адам дарылануудан баш тартса, аларды 3 жылга эркинен ажыратуу керек”,- дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

