Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген жарандар кармалышты
Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 18-март күнү Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун жана 1800 сомун алып кетишкенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну жана 32 жаштагы А.А. аттуу Өзгөн районунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.