super.kg logo

Түнкү Бишкекке саякат (фоторепортаж)

 
Акыркы учурларда Бишкектин архитектуралык көрүнүшү оңоло баштады.
Токтогул жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңселер жайгашкан имарат.
Борбор калаабыздагы "унаа жарышы өткөрүлүп келет" делген Түштүк магистралы.
Бишкектин кичи райондоруна алып барчу Түштүк магистралы.
Шаардын түштүк бөлүгү.
Байтик баатыр көчөсүндөгү кичи "Париж".
Борбор калаада эгемендүүлүк жылдарында алгачкылардан болуп салынган соода борбору.
Кечкисин Бишкекте эки-экиден жетелешкен жаштарды көп кезиктирүүгө болот.
"Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко жылынып турган жаштар.
Сейил бактардын биринде сейилдеген ит.
Түнкүсүн кээ бир бишкектиктер достору менен убакыт өткөрүүнү самашат.
Шашып бара жаткан жаштар.
Айрым маршруттук каттамдар түнгө чейин жүргөндүктөн, аялдамаларда унаа күткөн адамдарды түндө да көрүүгө мүмкүн.
Түнкүсүн таштандыга толгон челектерди ар бир эле шаардан көрүүгө болсо керек.
Балдары менен үйүнө шашылган тургун.
Кечкисин "Ала-Тоо" аянтынан киши үзүлбөйт.
Шаардагы жашоонун тездигине карабастан, баласына убакыт тапкан энелер да жок эмес.
Футбол сүйүүчүлөрү дем алыш күндөрдөн тышкары иш күндөрү түнкү саат 1ге чейин топ тепкенге күч табышат.
Тилекке каршы, Бишкекти "жарык шаар" дей албайбыз. Бул көрүнүш шаардын борбордук бөлүгүндөгү Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде.
"Тазалыктын" кызматкерлери түнкүсүн да иштешеби же унааны иштен тышкары колдонушабы...
Кээде көчөлөрдө унаалар жокко эсе болуп калат.
Бирдик салуу кызматы күнү-түнү иштейт.
Соодагерлер жыйналып, эртеңки күнгө кам көрүшүүдө.
Соодагерлер түнкүсүн да ишин бир топ убакытка созушат.
"Ала-Тоо" аянтында ролик, велосипед тепкендердин саны көп.
Түнкү Бишкекте сүрөткө түшүп жаткан тургундар.

Бишкек бир мезгилде жашыл шаар катары калаа тургундарынын жана конокторунун купулуна толуп, сүйүктүү шаары болуп келген. Мрамордон салынган имараттар да көпчүлүктү суктандырбай койбойт эле. Азыр да шаарыбызды суктануу менен кароого болот. Шаардагы жашоонун ылдамдыгы күндүз өзгөчө байкалса, түнкүсүн унаа тыгындары жоюлуп, бир аз да болсо тынчыгансып калат.

Жогорудагы сүрөттөрдөн Бишкектин түнкү көрүнүшү менен тааныша аласыздар. Акыркы жылдары шаарыбыздын архитектуралык көрүнүшүнүн бир топ жогорулаганы байкалат. Жаңы салынып жаткан заманбап кеңселер, турак жайлар, соода борборлору, алардын кооз жасалгалары кубандырбай койбойт. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн борбор шаарларына салыштырмалуу жетишпегендиктерин да байкасак болот. Түнкү Бишкектин негизги көйгөйү - көчөлөрдө жарыктын жоктугу жана унаа жолдорунун жыртык-тешиктери. Бул көрүнүш көпчүлүктү капа кылат. Бирок түнкүсүн тургундар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.03.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болуптур, мен кечки Бишкекти корбогонумао канча болду(((
25.03.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онугуп бара жатканыбыз байкалып турат
25.03.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз менен айтылганга караганда, коз менен коргон жакшы... Ушундай фоторепортажды башка областтардан да жасагылачы. Башка шаарлар кандай болуп калганын, кандай кызыктуу озуно тарта турган жерлер бар экенин коргубуз келет.
25.03.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаарыбыз гулдой берсин.
25.03.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Бишкек!
25.03.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай соонун кечки Бишкек!мен эч коргон эмесмин,кечкисин
25.03.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат суперчилер Бишкекти аябай сагындым кыргыз жеримди сагындым.
26.03.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунку Бишкек аябай соонун, Бишкекте жашап жургондо жолдошум экообуз почти кунуго туну гулять этчубуз, аябай жагат, Каныкейдин" Куурчак" ырын коюп алчубуз, ырды уккан сайын тунку Бишкек эсиме тушот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: