Бишкекте ит тиштеп алган электр-эсептегичтерин текшерүүчү инспектор бир нече операцияга муктаж
2012-жылы “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлерине абоненттердин кол көтөрүүсү боюнча 5 окуя катталган. Ал эми 19-мартта электр-эсептегичтеринин көрсөткүчүн жазып жүргөн текшерүүчү Арзымкан Термечикованы Бишкектеги Алма-Ата көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен ит тиштеп алып, учурда кызматкер ооруканада. Аны Нина Чижмотренко аттуу жарандын ити тиштеп оор жаракат алгандыктан, ага бир нече операция жасоо талап кылынат. Алгачкы операциясына сарпталган акчаны айыпталуучу тарап төлөп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.