super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 3 жыл мурун Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон

 

Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 23-мартта Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан.

Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Анын досу Николай Глушков "Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүргөн" десе, адвокат Александр Добровинский "ал өзүн өзү өлтүрдү" деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген.

Борис Березовскийдин өлүмүнөн соң соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын тумчугуп өлгөнү, бирок киши колдуу болбогондугу тастыкталган. Березовский акыркы 10 жылдан бери Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген.

23-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: