Сузак районундагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай жарыксыз калып, 20 үйдү суу каптоо коркунучу жаралууда





Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган.
Белгилүү болгондой, аталган турак үйлөрдүн жашоочуларына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча корутунду берилди. Учурда райондук комиссия тарабынан авариялык абалга келген электр мамыларын калыбына келтирүү иштерине техника жана күйүүчү майлар каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
dasta

23.03.2016. 16:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жерде жащайт екен еле го чиркин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.