super.kg logo

Ош облусунда кароосуз калган устаканага уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди

 

Ош облусунда кароосуз калган устаканага өз уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди. Бул тууралуу 23-март күнү SUPER.KG порталына Кара-Кулжа районунун прокурорунун орун басары Төрөбай уулу Тыныбек билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн улам өз баласын кароосуз калган устаканага таштаган келиндин бул наристеден сырткары 3 баласы бар экени аныкталган. Баланын энеси жарандык никеден төрөгөн баласын бага албай турганын айтып, таап алган адам менен сүйлөшүүдөн улам ага бергени белгилүү болгон.

Окуянын чоо-жайын иликтөөдөн улам аталган факт боюнча эч кандай кылмыштын курамы аныкталган эмес. Таап алган жаранга карата жалган маалымат бергендиги үчүн юридикалык баа берилген, ал эми наристени 28 жаштагы апасы алып, жалгыз бой эне катары баласына күбөлүк алып кетти”,- деп билдирди прокурордун орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.03.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакканга алы жетпесе сактанбайбы, баланын кадыры калбадыго бизде...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: