super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Аксыдагы Үңкүр-Тоону өкмөт Өзбекстанга кармата бере жаздады... Оппозиция Ошто өтүүчү митингин токтотту...

 

Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Үңкүр-ТооАксынын борбору Кербен шаарына караштуу Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн премьер-министр Темир Сариевден "Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла" деп буйрук келгенин жарыялап, мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк "чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат..." деген пикир жаадырышты.

Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияда премьер-министрдин буйругуна каршы чыгышып, "Биз станцияны башка жерге көчүрүүгө эмес, Үңкүр-Тоонун башын бошотууга каршыбыз" деп позициясын так билдиришти. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак катары көрсөтүлүп, станцияны Кыргыз Республикасынын башка аймагына көчүрүү боюнча Сариев өткөргөн өкмөт чогулушунун протоколу да жарыяланды...

Бирок бул документ жөнүндө өкмөт комментарий берген жок... Болгону коомчулукту тынчтандырууга шашып "Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка алынбайт, болгону кошумча станция курганы жатабыз" деп билдирүү жасады. Бүдөмүк суроо калууда... Эгерде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары буйрукту кыйшаюусуз аткарып, "Сариевден буйрук келди" деп кыйкырып чыкпай, станцияны көчүрүүнү колдоп беришкенде Үңкүр-Тоо коңшу өлкөнүн карамагына кирип кетиши мүмкүн беле?

Парламент депутаттары өкмөт башчынын маалыматын угуштуБүгүн чек арадагы кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттары үн катышты. Тагыраагы, спикер, парламенттеги фракция лидерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу өкмөт башчынын маалыматын угушту. Көйгөйдү чечүүдөгү өкмөттүн аракетин колдоого алышарын билдиришти. Аксыдагы кырдаалдан кабар алганы өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келери белгилүү болду. Уюмдун өкүлү абалды өз көзү менен көрүп, кыргыз тарапка кеп-кеңешин бермекчи.

22-март. Оппозиция өкүлдөрү АксыдаБелгиленген мөөнөткө бир күн калганда оппозиция Ошто өткөрө турган курултайын токтотту. Чыныгы себебин ким билсин, өздөрү "чек арадагы кырдаалга байланыштуу токтоттук" деп маалымдашты. Буга чейин жарыяланган аудиожазууларда оппозициянын бир муштумга бириге албай жатканы тууралуу сөздөр айтылганын эске алганда, 24-мартка белгиленген ири митингдин болбой калышына оппозициянын ички ынтымагы да таасир бериши мүмкүн. Анткени курултайга катышат делген айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар курултайдын токтотулганынан кабардар эмес экенин бүгүн тастыкташты.

Анан да "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинип интернетке тараган аудио монтаж эместигин УКМК тастыктап, коомчулукка жарыялады.

Кооптуу айылСузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Жаз келери менен көчкү, сел кырсыктары жанданат. Тийиштүү министрлик эртерээк чара көрбөсө, айыл эли көчөдө калышы мүмкүн болуп туру...

Адил ТойгонбаевЭл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалганын бүгүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Тойгонбаевдин бул үчүнчү жолку кармалышы. Орусияда мурунку жылдары эки жолу кармалып, кайра боштондукка чыгып кеткен. Бул жолкусунда да бошонуп кетери же жазага тартылары азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Кайнатасы президент болуп турган маалда өлкөдө бир нече объектти мыйзамсыз алган деп да күнөөлөнүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(43)
23.03.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Абал курчуп бараткан сыяктуу го! !!тынчылык эле болсун,элибиз акыл менен чечели мындай маалда, элди дурботкондорго кошулбай.
23.03.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
сатса керектда башчылар ошон учун жылдыр деп буйрук чыгарды
23.03.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Илгертен Үңкүр-тоо биздики болуп келген анын башында телевышка станциябыз илгертен болчу кантип ал жер дагы өзбектерге өтүп кетет эмне деген эл болдук
23.03.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин оюмча сатылып эле кеткен окшойт...же биздин жер же эмес экенин да билишпейт чоңдор же коркуп атышат алардын бийлигинин кучтуулугунон
23.03.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тынчылык эле болсо болду ортодо жонокой элге эле кыйын болот чондорго баарыбир да .Ошо жерге озбектер жондон жон эле келбесе керек озубуздукулор турат да анын артыда да.
23.03.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев оз билимдик менен эле токтом чыгарып койгон экенда а былтыры
23.03.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин мамлекет ошончолук алсызбы? Биздикилер деле басым откорсо болбойбу?
23.03.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
azamat.95,иним оа алсыз биздикилерде журок жок
23.03.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oldboy,туура,журоктору жок,жарты опколору калган.Журоктуу болушса сулуу чымчык болушуп,уйлорундо отурбай барышпайбы Ошко,элди ойлошпойбу,жооок,оздорун ойлошот,жепжутарлар.Зээним кейип кетти,туш тараптан жерди сатышкан жиндилер!
24.03.2016. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat.95,Окмот ойлонуп суйлобосо, карапайым эл эле кыйналат. Интернеттеги баатырлар Президент болуп корушпойбу башта. Олко жакшы болсо элдин баары Саякатчы болот, олко начар болсо элдин баары Саясатчы болот деген чын окшойт.
23.03.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээхххх кандай болду бул жагы. Аябай окунучтууу.
23.03.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бийликтин алсыздыгын коруп турабыз. Ушу бир жумадан бери чек ара маселесин ары же бери кыла албагандан кийин Атамбаевди баш, Сариевди тош, 120 ХХХ куйрук кылып туруп киргизчу жерине кийирип салыш керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-24 11:52:05
23.03.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
nurkasym-2014,оппозицияны да кошуп туруп киргизиш керек.
24.03.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkasym-2014 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
23.03.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келечекти ойлогон эч ким деле жок калган окшойт. Ушунчалык онуккон мамлекет болот элек онугобузбу деген ? мээден такыр кетпей койду
zhykyo түзөттү 2016-03-23 21:08:30
24.03.2016. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo,Революция ар беш жылда болуп жатса кантип онугобуз?
23.03.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кашык каным калганча курошууго даярмын.кандай болгон кундо да даяр тургула КЫРГЫЗЫМ
23.03.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өлгүсү келгенго бийликтегилердин 38 гектар жерди тартырып отурганы аз келгенсип тоо кошуп бергиси келип калыптыр!!!
23.03.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кербен шаардык кенешинин депутаттарына ото ыраазы болуп калдым. Булар унчукпаганда Унгар-Тоодон айрылмак экенбизда. Тоо эле эмес ал жерде ондогон теле станция,сотовый станциялар иштебей калмак. Ал станцияларды башка кочуро турган да андай бийик тоо жок ал аймакта. Азаматсыз Эргешаалы Озокеев!
23.03.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jibew,кыргыз мырзалары,биз силер менен сыймыктанабыз!
23.03.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде мамлекетке Президентке опозицияга
ишеничим калбады оо кудай куйбогон жерим
кул болду го эмне деген мамлекетте жашап
жатабыз !
23.03.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш балага деле тушунуктуу иш да!
Бул жерде бир нече вариант бар, алардын ирилери томонкулор:
1. Сатылып кеткен ( 2015-жылда Окмоттун токтому менен);
2. Озбек аскерлери кирип, басып алган 38га жерди жана автомагистралды бошотуу учун алмашуу;
Кыргыз элим башчыларыбызды шайладык, ишеним арттык. Эми бул кылыгына жон карап туралбайбыз го! Кат жузундо кол топтоп Урматтуу президентибизге жана Урматтуу спикерибизге кайрылуу жонотолу!!!
Арстанбек Буйлаш уулу айткандай
23.03.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
-"Башка чапса былк эткис, олук болду кыргызым".
Кербен шаардык кенешинин депутаттарына ыраазычылык билдирем жана баардык эл ыраазыяылык билдирет го! Эми Алардын артынан сары изине чоп салып, жон койбойт бул бийлик. Демократия- бул элдин бийлиги. Т.а. эл бийликтин булагы болуп саналат. А элдин башын айлантып, ар шылтоону айтып актанган Окмотту баш кылып отставкага узатып эле арасындагыларга кылмыш ишин козгош керек.
23.03.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
1991-жылы 16-декабрда Алмата декларациясы кабыл алынып, ал боюнча СССР жоюлуп КМШ түзүлгөн. Ошол декларацияда чегаралар боюнча өзүнчө пункт бар. Анда ошол кезге чейин (1991-жылга) кайсыл өлкө кайсыл аймакты ээлеп турса, ошол чегара сакталат деп белгиленген. Ага Каримов да кол койгон. Биздин бийлик ошол документке таянышы керек. Башка эч кандай документтин кереги жок. Курбанбай Искандаров (чегара комиссиянын төрагасы) Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык дебей Алмата декларациясына таянып, биздики деп айтышы кере
23.03.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал станцияны көчүрүш оңой иш эмес. Көп каражатты,эмгекти жана убакытты талап кылат. Бул Сариев тиги басып алган жердин ордуна ошол жерди бергени жатат.
23.03.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун Элтр каналынан талапкерлер чыгып кыйратабыз деватышат,чынына келгенде депутат болуп алып майлуу кресло,соц.обьектилерди басып алууну ойлошот,чек ара,жумушсуздук,миграция маселеси аларды кызыктырбайт. А баса, ЭЛТР шайлоону чагылдырууга акысы барбы,БШКнын аккредитациясынан откон эмес эле. Мыйзамды бузуу эмеспи бул?
23.03.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сариевтин атасынын уйун Озбек элчилигине бериш керек
23.03.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кор болдунго кыргызым,оз жерине ээлик кыла албай
23.03.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмоттогулордун колунан эч нерсе келбейт, мамлекет башчы антип оюна келгенин суйлоп атса байлыкты топтодуда эми куулуп кетсемда мейли деп олтурат.
23.03.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сариев ачык эле саткан экенда. Тобоо эмне деген шумдук. Аксыга дагы уялбай барганын айт. Жер саткан ата энени тууган уругуну сатканга барабар. Кыргыз атанын кусуруна калбагыла кыргызым. Унгар тоо учун мен даярмын жарты кашык каным калгыча коргоого.
23.03.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bizdi kudai gana saktait alldan uwunu gana suraily. Eldin peiline jarasha bashchy kelet oshonduktan peilibizdi ondoilu
23.03.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жерди беруу менен маселени чече турган болсок,кийин кыргыз кайда барар экен
24.03.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корооно бек бол!
Коншунду уруу тутпа деген макал эсиме тушуп жатат.Элим ач калса калсын улуу урматтуу атка минерлер ана башты эмне деп которуп журосунор .Биринчи чек араны бекемдеп иш баштасанар жакшы болмок , шалаакылык бул .Кыргызстандын кызарганын жеп бутуп эми бир жолу жерин да кошо жеп баштадынарбы .Ата бабаларыбыз кандай кастарлап откоруп берген болсо силерда да бизда келечекке откоруп беришибиз керекго акыры .Уят! намысынар жок экен!
24.03.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текебаев не унчукпайт???
Анан эртен я не при чем деп чыга келет.
Азыр пысмыйып отурган эки жуздуулорду эсинерге жаттап калгыла. Эртен президент болом, тигинтем, кыйратам дегенде сен чек ара маселеси учурунда кайда болдун эле деп суроо беребиз.
24.03.2016. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AlbertEnshtein, ооба туура айтасын мен 100% кошулам. Ар дайым ХХХ ХХХ ХХХ... Тынч заманда мен менсинбей ушундай кырдаалда, эл башына иш тушкондо озун корсотсо болмок.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-24 12:12:52
24.03.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариев озунун сый урматын менен кет отставкага!!!Мен сизди сыйлачумун.Бирок кечээки шаардык кенештин депутанын далилдуу айткан создорунон кийин сизге ишеним калган жок Ушинтип чече турган болсон.Кет кет башка чече тургандарга ордунду бошот .Башка созум жок.
24.03.2016. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2015-жылы ноябрда Ункур-Тоону озбекстандын аймагына откоруу токтому менен Сариев ошол жерди сатып жиберген. Азыркы болуп жаткан окуялардын баары жонгана сенарийдин экинчи болугу. Концерт. Жер озбекстанга сатылды деп жарыялоо.
24.03.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким саткан болсо тозоктун отуна куйсун! Кылгылыкты кылып коюп жерди бошотолу дегендерди ушунча элдин каргышы урсун! Биздин бийликтегилердин оздорун саткан мезгил болоор бекен эээ...
24.03.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы соз суйлоп,аракет кылгандарды токтоосуз атууга Окум кыламын!ушул буйрука тетири коммент жазгандар дагы Кыргыз мамлекетинин чыккынчылары.
24.03.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paul - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: