super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Аксыдагы Үңкүр-Тоону өкмөт Өзбекстанга кармата бере жаздады... Оппозиция Ошто өтүүчү митингин токтотту...

 

Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Үңкүр-ТооАксынын борбору Кербен шаарына караштуу Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн премьер-министр Темир Сариевден "Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла" деп буйрук келгенин жарыялап, мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк "чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат..." деген пикир жаадырышты.

Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияда премьер-министрдин буйругуна каршы чыгышып, "Биз станцияны башка жерге көчүрүүгө эмес, Үңкүр-Тоонун башын бошотууга каршыбыз" деп позициясын так билдиришти. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак катары көрсөтүлүп, станцияны Кыргыз Республикасынын башка аймагына көчүрүү боюнча Сариев өткөргөн өкмөт чогулушунун протоколу да жарыяланды...

Бирок бул документ жөнүндө өкмөт комментарий берген жок... Болгону коомчулукту тынчтандырууга шашып "Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка алынбайт, болгону кошумча станция курганы жатабыз" деп билдирүү жасады. Бүдөмүк суроо калууда... Эгерде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары буйрукту кыйшаюусуз аткарып, "Сариевден буйрук келди" деп кыйкырып чыкпай, станцияны көчүрүүнү колдоп беришкенде Үңкүр-Тоо коңшу өлкөнүн карамагына кирип кетиши мүмкүн беле?

Парламент депутаттары өкмөт башчынын маалыматын угуштуБүгүн чек арадагы кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттары үн катышты. Тагыраагы, спикер, парламенттеги фракция лидерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу өкмөт башчынын маалыматын угушту. Көйгөйдү чечүүдөгү өкмөттүн аракетин колдоого алышарын билдиришти. Аксыдагы кырдаалдан кабар алганы өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келери белгилүү болду. Уюмдун өкүлү абалды өз көзү менен көрүп, кыргыз тарапка кеп-кеңешин бермекчи.

22-март. Оппозиция өкүлдөрү АксыдаБелгиленген мөөнөткө бир күн калганда оппозиция Ошто өткөрө турган курултайын токтотту. Чыныгы себебин ким билсин, өздөрү "чек арадагы кырдаалга байланыштуу токтоттук" деп маалымдашты. Буга чейин жарыяланган аудиожазууларда оппозициянын бир муштумга бириге албай жатканы тууралуу сөздөр айтылганын эске алганда, 24-мартка белгиленген ири митингдин болбой калышына оппозициянын ички ынтымагы да таасир бериши мүмкүн. Анткени курултайга катышат делген айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар курултайдын токтотулганынан кабардар эмес экенин бүгүн тастыкташты.

Анан да "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинип интернетке тараган аудио монтаж эместигин УКМК тастыктап, коомчулукка жарыялады.

Кооптуу айылСузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Жаз келери менен көчкү, сел кырсыктары жанданат. Тийиштүү министрлик эртерээк чара көрбөсө, айыл эли көчөдө калышы мүмкүн болуп туру...

Адил ТойгонбаевЭл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалганын бүгүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Тойгонбаевдин бул үчүнчү жолку кармалышы. Орусияда мурунку жылдары эки жолу кармалып, кайра боштондукка чыгып кеткен. Бул жолкусунда да бошонуп кетери же жазага тартылары азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Кайнатасы президент болуп турган маалда өлкөдө бир нече объектти мыйзамсыз алган деп да күнөөлөнүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(43)
23.03.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менин оюмча жанагы озбек аскерлери ээлеп турган аймакты кайтарып алуу учун Темир Сариев бул тоону озбекстанга подарить кылып жаткан сыяктуу Озбекстан нагло эле ушул жерди алыш учун жанагы жерди тоскон окшойт.ушул жол менен чечсе эл алданып силерге ишенип калбайт да урматтуум. Кыргызстандын бир гарыш жеринда озгогог ыраа корбойлу озу алакандай жер болсо.
tynystan түзөттү 2016-03-23 19:39:56
23.03.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
tynystan,Үйдө баатыр - жоодо жок!
Чүйдө баатыр - Ошто жок!
Чек ара жатса аңкайып!
Үйүндө жатат талтайып!

Мискенбаев кайдасын???
24.03.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgtalgat,катыра жазыпсын точно:) сариев болбогон адам озу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: