super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 106 жыл мурун кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген япониялык Акира Куросава туулган

 

Мындан 106 жыл мурун, 1910-жылы 23-мартта япониялык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген Акира Куросава Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, киного толук аралаша баштаган. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген.

Режиссёр “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Акира Куросава “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон.

Акира Куросава 1998-жылы 6-сентябрда Токиодо инсульттан улам 88 жаш курагында көз жумган.

23-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: