Борбордо таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды
Борбор калаада таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-март күнү милицияга арыз менен 41 жаштагы Ш.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:30 чамасында Акжол аттуу таанышы үйүнүн жанында токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.