Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкө чемпиондугу өтөт
25-27-март аралыгында Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча (лоу-кик түрүнөн) өлкө чемпиондугу өтөт. Мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда уландар арасында 12 килограмм салмактык бөлүктө (51 килограмм салмакта, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 81 кг, 86 кг, 91 кг, +91 кг), кыз-келиндер арасында 6 салмактык бөлүктө (48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, + 63,5 кг) жеңүүчүлөр аныкталат.
Мелдешти уюштуруу үчүн олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 68 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.