Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын басымдуу бөлүгү жумушка чыкпай койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочулар айлык акынын аздыгына нааразычылыктарын билдирип ушундай кадамга барышкан.
“Учурда жетекчилердин баары бул маселени чечүү боюнча жыйынга кирип кетишкен. Биз билгенден айдоочулардын 100 пайызга жакыны коомдук унааны айдабай коюшту”,- дешти башкармалыктан.
Ага карабай көчөдөн бирин-экин троллейбус элди ташып жатканын байкаса болот.
Бишкек троллейбустук башкармалыгынын директору Мадылбек Абдыразаков буга чейин SUPER.KG порталына берген маалыматында айдоочулардын айлыгы 9 миңден 19 миң сомго чейин көтөрүлө турганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aidai5555

24.03.2016. 10:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушулар жөн эле тура турса болмок да, капталдан чыкпай, өлкөдө ансыз да кыйын жагдай түзүлүп жатканда. Буга чейин чыкпай, тапкан убактыларын кара!
kubat_73

24.03.2016. 10:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aidai5555, Жоо жакадан алганда бору этектен алат деген ушу да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.