Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды
Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:30 чамасында 40-45 жаштардагы белгисиз киши арыз ээсинин 9 жаштагы небересине бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракет кылгандыгын билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Я.Е. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.