super.kg logo

Ош облусундагы Сары-Моңол айылындагы айрым этникалык кыргыздар документтерин жоготуп, кайрылман макамын ала албай келишет

 

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловдун иш сапары Алай районунун Сары-Моңол айылында уланды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 3100 метр бийиктикте жайгашып, климаты оор келген айылда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашашат.

Негизинен пенсиялык камсыздоо, Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо маселелери каралып, көбү көчүү маалында документтерин жоготуп, кайрылман макамын жана тиешелүү социалдык камсыздоону ала албай келишерин айтышкан. Жер тилке алуу, жумушсуздук жана миграция маселелери ачык бойдон калды.

Айыл тургундары чет өлкөдөгү жумуш орундарына кызыгышып, кайсы жакка, кандай шарттар менен чыгууга мүмкүн экенин сурашты. Андан соң Гүлчө айылынын тургундары менен болгон жолугушууда төрага чет өлкөдө жумушка орношуу тууралуу суроолорго жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: