super.kg logo

Троллейбустун айдоочулары жумушка чыгышты, ал эми башкармалыктын жетекчисинин орду жыйында каралып жатат

 

Жетекчилик маянабызды көтөрөбүз дегенинен кайра жумушка чыктык”,- деди бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген №4-троллейбустун айдоочусу. “Жумуш убактыбыз саат таңкы 05:00дө башталат. Ошондон саат 11:00гө чейин баарыбыз каттамга чыкпай койдук. Арабызда кээ бир айдоочулар эл көп болгон маалда гана чыгып, коомдук унааны айдашты. Троллейбустук башкармалыктын жетекчилери айлыгыбызды бир аз көтөрөбүз дегенинен, азыр баарыбыз кайра ишке чыктык”,- дейт айдоочу.

Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек мэриясында Троллейбустук башкармалыктын жетекчиси Мадылбек Абдразаковдун ээлеген кызматы тууралуу жыйын өтүп жатканын SUPER.KG порталына шаар жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: