super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Атамбаев Абдуганиевичтин айласын алты кетирдиби?

 

Бүгүн, 24-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Журналисттер менен жолугушкан президент Алмазбек Атамбаев чек ара кырдаалы, өлкөнүн ички-тышкы саясаты жаатында пикир алышты. "Кыргыз мамлекетинин чечкиндүү кадамдарынан кийин айласын таппай калган Өзбекстан мыйзамсыз аракеттерди жасоого өттү..." Аксыдагы кырдаалды президент ушундай сүрөттөп, кыргыз бийлиги бараткан багытынан кайтпай турганын ишенимдүү айтты.

"Өзбекстан мурда светти өчүрүп коём, газды токтотом деп коркутчу. Акыркы жылдары андай механизмден ажырады, эми айласы түгөнгөндө азыркыдай мыйзамсыз нерселерге барып жатат",- деди Атамбаев.

Кыргыз мамлекети свет, газ боюнча жалдырап Өзбекстандын көзүн тиктебей калганы чын. Энергетикалык шакектен көз каранды болбоо үчүн курулган "Датка-Кемин" линиясынын артыкчылыгын "энергетикмин" дегендин баары айтып жүрүшөт. Республикага үзгүлтүксүз газ жеткирүү милдети "Газпром" компаниясынын мойнуна жүктөлгөн. Кыргыз тараптын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу планы да коңшулардын уйкусун бузуп келет. Президент өз сөзүндө ушул жана көпчүлүк билип-билбеген башка жагдайларды көңүлгө алгандыр...

Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу президент ток этер жерин айтты: "Тоо башкаларга берилбейт, эгер берилсе Сариевдин башы кетет".

Темир Сариев жетектеген өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу айласы кетти. Аталган тоону Өзбекстанга караштуу аймак деп таануу, тоонун башындагы станцияны которуу боюнча интернетке тараган протоколду жалган деп атап, башка документти жарыялады. "Биз тоону башка мамлекетке таандык деп токтом чыгарган эмеспиз",- деп билдирүүдө.

Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев премьер-министр Темир Сариевдин мындай жоругун элди сыйлабагандык деп атады.

"Сариев жанын жебесин! Анын жиберген документин бурмалап элге жарыялагыдай биз эмне жиндибизби?! Токтом биринчи район акимине келген. Акимден шаардык кеңешке келип түштү. Акимдин башы болсо премьер-министрден токтом келери менен "мунуңар болбойт, Аксынын эли муну укса көтөрүлүп чыгат" деп артка кайтарып жибериши керек болчу. Сариев "андай токтом чыгарган эмесмин" деп актануунун ордуна "туура эмес жазылып калыптыр, кечирип койгула" десе болмок.

"Башка станция курууга жер карап жатабыз" дейт. Уят эле, станция курам десе Үңкүр-Тоонун башынан деле толтура орун табылат, кура бербейби. Премьер-министр Аксыны билбейт, токтомго жөн эле жазып койгон... Жыйынга катышкан министрлер да "андай токтом жок" деп жанын жешүүдө, айласыз күлөсүң да..."- дейт Озокеев.

Эгерде айтканы жалган болсо, мындай олуттуу айып таккан шаардык кеңештин депутатына чара көрүлөрү тууралуу эмне үчүн премьер-министр бир ооз кеп айтпайт? Көпчүлүктөн жашыра турган нерсеси бар өңдүү айтылган маалыматка тактоо киргизүү менен гана чектелип жатканы табышмак...

Борбор шаарда жарандык активисттер Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, Сариевден Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышты. "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек",- дешти чогулгандар...

Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний эксперт Кадыр Маликов менен жолугушууда ага коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, аталган адиске жакында кол салуу болгон, ага шектелгендер "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени маалымдалган эле. Министр менен диний адис жолугушууда терроризм, экстремизм коркунучтарын талкуулашкан.

Министрдин тапанча белек кылышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милициянын алсыздыгын моюнга алгандыкпы? Терроризм же кылмыштуулук диний ишмерлердин эле эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги бардык жарандардын коркунучу жана көйгөйү го. Жарандарга "өзүңөрдү өзүңөр коргогула" деген ишарат өңдөндү. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү экенин Турганбаевдин эсине салабыз...

"Кайгым жокто кайненем өлүптүр" деген кыргыздын макалы бүгүн өлкөнүн борборунда далилденди. Өлкө чек арасында олку-солку абал жаралып турганда Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты. Майда маселе көрүнгөнү менен, мындай иш шаардыктарга кадимкидей ыңгайсыздык жаратты. Окурмандар чалышып себебин билип берүүнү өтүнүп жатышты. Көрсө, айдоочулар айлыктары көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп иш ташташыптыр. "Жетекчибиз жакында маянабыз көтөрүлөрүн айтышкан, бирок жогорулабай жатат" деди троллейбус айдоочуларынын бири.

Мэрия кызматкерлерди көндүрүп, троллейбус каттамы кайра жанданды. Айдоочулардын талаптарын иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнү кечке маал кабарланды...

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду кармап кетти. Алар коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Кадыров менен Асанов УКМКнын башкы имаратында сурак беришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(32)
24.03.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы бугун тынч уктайт экеем ойлонбоой ушундай болуш керек эле дегем даа
24.03.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Абдыганы ака деп кайсы автор жазган?????????
25.03.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Decmond,Абдыганы деген каримовтун атасы
24.03.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhykyo,мен тынч уктай албайм. Себеби президент Ташкентке Шанхай чогулушуна барбайт экен. Барыш керек эле, таарынып калгандай болбой. Барып эркин сүйлөп келиш керек эле.
24.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жол не болдуу ачылдыбы чегара
24.03.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patirot,жок . Ачылган жок. Алатопулар ал жерге вагон коюп, электр зымын тартып келүүнү көздөп жатат деп жана эле ХХХ ХХХ ХХХ...
Негизи чек ара месалесин көп жылдан бери көтөрүп, жакшы жаман айткан чыныгы күйгөн депутаттар да бар экен. Алардын сүйлөгөнүн көрүп аябай жиним келди.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-25 10:29:24
25.03.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rifle_3 - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
24.03.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо тообо дедсад
24.03.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каримовдон реакция болдубу чег араны каримов менен бетме бет суйлошуп чечиш керек ага чейин чечилбейт!
24.03.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сариевтин иштегени мага башынан эле жакпайт. Ал эми Президент туура суйлоптур. КР артка чегинбеш керек
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-25 10:25:29
24.03.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айттыда койду!Макул светти эч кимден сатып албайт экенбиз,свет озубуздон чыгат эмнеге анда мурункуданда кымбаттатып койушту?!Андан коро Чек-Араны чечкиле буйруса жакында уйго барам Ала-Букага Ата-Энеми коргону,ошондуктан басмачылар блокпостун алышсын мен оз жеримде баскынчылардын текшергенин каалабайм!!!)))
Svoboda83 түзөттү 2016-03-24 20:52:17
24.03.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз,Эргешалы Озекеев!
24.03.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каримов Ислам Абдуганыевичби фамилиясы?
24.03.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамбаев нкура кыргыз эч кимден кркпойт ачык суйлойт.
25.03.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ago,Корккон учун барбайм дедида , корккон учун суйлошо албай жататда , коркпосо ошол куну Ташкентке жетип барбайбы эле, ушунчалык патриот болсо
25.03.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сариевди калмақ дегени чын оқшойт.
25.03.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариевтин башы кетет деген жери мен учун жакшы кабар болду!
25.03.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
узбектер жаман жинге тийдида озгондогу кампроватты ачып салыш керек мына силерге суу деп билмексен болуп
25.03.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
каримов с утра сурайтмиш кампроват жак тынчбы деп коркотда
25.03.2016. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл эми ушул темага алаксып калды да ее саясат саясат деп
25.03.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылык эле болсун
25.03.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев озунун позициясын билдирип ШОСтун озбекстанда боло турган саммиттине барбай турганын билдирип эн туура кылды.
25.03.2016. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basyz-kaman, ал жерде орду болсо барабы.
25.03.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibo_85,Президенттин ШОСто орду бар учун барбайм деди да.
25.03.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капырай тээтиги июнда болчу саммитти айтып отурат эми барбаса мейли биринчи маселени чечип албайбы анан барабы барбайбы убакыт көргөзөт да.
25.03.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барбай эле койсун мынча болду
25.03.2016. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин башчы жакшы эле иштеп жатат
25.03.2016. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган эле жакшы
25.03.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beksultan-007, bekmaral, саламатсыздарбы!
Кайсыл жакка, эме деген себеп менен чыкпай жатат? Кандай катачылыктар болуп жатат. Купуя аркылуу кеңири жазсаңыздар.
25.03.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык колдонуучуларга эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
25.03.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
briliant87 - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: