super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Самаркандек айылынын тургундары аталган айылдагы базарда соода кылган тажик жарандарына нааразы

 

26-мартта Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары облус борборуна келишип, бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурашты. Алар Тажикстандын Исфара, Чаркөө, Сур айылдарынан келген тажик жарандарынын Самаркандек айылындагы базарда тамак-аш сатуусуна тыюу салууну суранышууда. Нааразы тараптын өкүлү Айнура Сыдыкова төмөнкүлөрдү билдирди:

-     "Тажик жарандары биздин базарда тамак-аш сатышат. Учурда айылыбызда жугуштуу оорулар көбөйүп, балдарыбыз ооруп жатат. Алардын соода кылган жери чаң, тазалыктын талаптарына жооп бербейт. Бул көйгөй боюнча айыл башчысына да, базар башчысына да кайрылдык, бирок маселе чечиле элек. Алар сатып жаткан тамак качан жасалганын да текшерген жан жок, биздикилер соода кылса текшере берип тажатат". Чогулгандар ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоровдун аталган облустагы коомдук кабылдамасына да кайрылгандыктарын кошумчалашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: