super.kg logo

Ош шаарында “Бош орундар жарманкеси - 2016” өткөрүлөт

 

31-мартта Ош технологиялык университетинин базасында “Бош орундар жарманкеси - 2016” иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта уюштуруучулар тобу билдирди.

Маалым болгондой, жарманке Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаардык мэриясы, Эл аралык Германия кызматташуу коому (GIZ) "GmbH", "UNIWORK" Эл аралык долбоорлорунун колдоосунда өтөт.

Бул иш-чарага алдынкы компаниялар, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар, кесиптик-техникалык лицейлер, шаарыбыздын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде 1000ден ашуун бош орундар сунушталат.

Аталган жарманкеге Ош шаарындагы бардык жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, кесиптик-техникалык лицейлердин бүтүрүүчүлөрү жана жумушка муктаж болгон бардык жарандар катышууга укуктуу. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бардык окуу жайлардын студенттерине маалыматтар берилип, каалоочуларга окуу жайдын Карьера борборунун кызматкерлери резюмени кантип жазуу керектигин жана жумуш берүүчү менен кантип эмгек келишимдерин түзүү жолдорун окутуп жатышат”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.03.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точный адресин айтып коюнуздарчы модератор каерде отот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: