super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Акыркы кездеги Европаны тууроо - кыргыздын менталитетине балта чабууда..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз менталитети кечээ, бүгүн, эртең" деген тема талкууланып жатат.

Темада менталитеттин азыркы абалы сөз болууда:

"Менталитет - кыргыздын жүзү".

"Биз түпкүлүктүү, маданияты бийик, тубаса билимдүү, ойчул, даанышман элдин урпактарыбыз. Биздин тарых 2200 жылдан ашык мезгилди камтыйт. Менталитетибизге цивилизациянын, азыркы глобализациянын да таасири тийип жатат. Ал эми улутту улут кылып турган анын тили, каада-салты, кийими, тарыхы, маданияты, дини, дили, жери да. Ошол кыргыздын каада-салттарын, тарыхын, маданиятын, адабиятын жакшы билген адам кыргыздын менталитетин жакшы түшүнөт деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, биз өзүбүздүн жакшы нерселерибизди бат унутуп, башканыкын тез өздөштүрүп алабыз.

"Менталитет - бул айырмалануу. Кыргыз калкымдын тоодон тоого көчкөнү - жакшы жашоого аракет кылганы, башкача айтканда, жакшы жер табам дегени. Бул жоопкерчиликтин жоктугу эмес, тескерисинче, жоопкерчиликтүүлүгү".

"Кыргыз элинин менталитети - анын каада-салты, үрп-адаты, ошол каада-салтты кийинки муундарга өткөрүп берүү - биздин милдет. Бирок ар мезгилдин коомдук, социалдык абалы, карым-катнашы ушул кыргызымдын менталитетин өзгөртүп, кээде жоголушуна да себеп болууда. Акыркы кездеги Европаны тууроо, динди туу тутуу менен кыргыздын каада-салттарын жокко чыгарууга аракет кылуулар болууда".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туппа туура
baltabaev түзөттү 2016-03-25 10:16:23
25.03.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
СССРдин баш айланткан кучагынан сабатсыз кыргыз болуп басынып журуп кыргыз кыргыз бойдон сакталып чыкты эле.Эми динди бетке кармап кыргыздын урп адаты салты менен бирге кыргызды улут катары жоготуу жолунда турганыбыздай сезилет. Ар бир салт санаабызды харам деп чекте кагып араб элини маданиятын бизге танулоо саясаты журуп жаткан жокпу деген ой келет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: