Бишкекте унаа жуучу жайдан 20 миң сомдук жабдыкты уурдоого шектелген 38 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "унаа жуучу жайдан 20 миң сомдук жабдыкты уурдаган" деген шек менен 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал Ахунбаев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан белгисиз адам 20 миң сомдук унаа жуучу жабдыкты уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 38 жаштагы И.З. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.