Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдардын биринин 5 айлык боюнда бар болгон
Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки аял бир туугандар, ал эми кош бойлуу келин үй ээсинин кызы экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза тапкан 64 жаштагы үй ээси жана 54 жаштагы аял эже-сиңди, ал эми 5 айлык боюнда бар 24 жаштагы келин үй ээсинин кызы экени белгилүү болду. Каргашалуу окуя үй ээсинин үйүндө орун алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
maks94.kb

24.03.2016. 19:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каап жаткан жерлери жайлуу болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.