Ошто Жол-патрулдук милициянын кызматкеринин сабалгандыгы боюнча текшерүү башталды
Ош шаарында Жол-патрулдук милициянын кызматкеринин сабалгандыгы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, "24-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-патрулдук милициясынын кызматкери Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкери тарабынан сабалды" деген факт иликтенүүдө.
"Текшерүүнү Ош шаардык прокуратурасы жана ИИМдин Башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Иш-чаранын максаты - кызматтык эрежелердин, мыйзамдуулуктун сакталышы жана аткарылышы канчалык деңгээлде болгондугуна баа берүү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет",- деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.