super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы орто мектептин пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп баратат

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектеп начар абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мектептин тышкы абалы канааттандырарлык, бирок пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп, ным болгондуктан, полу чирип жатат. "Тиешелүү органдар мектептин тышын гана көрүшөт да, ичинен кабар алышпайт. 2 жыл мурун оңдоого деп акча чогултушкан, бирок эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Ар бир окуучудан 80 сомдон алынган. Бул мектепте 500дөн ашык окуучу окуйт. Суубуз да жок. Кол жууганга шарт түзүлгөн эмес. Жылыткычтарыбыз кышкысын иштебейт",- дейт нааразы болгон окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.03.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми ошону оздору эле ондоп койсо болот, окмотту эле карай бербей.... Акча болгондо деле жеп коюшат...
25.03.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бууракан мектебине караганда түзүк эле экен. Окурман
25.03.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир сариевтин планына кириптирби
25.03.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursultan67, бул мектеп жакшы эле. Дагы 15 жыл жарайт.


М.Термечиков мектеби гейип калган. Ушул эле аймакта
26.03.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
К.Чодошев атындагы орто мектебинин сырты эле эмес , ички абалы да райондук жетекчилердин жана айыл окмотунун дайыма козомолундо.Капиталдык ремонттон ото турган мектептердин тизмесине кирген.Айыл окмотунун сунушу менен, ата-энелер тарабынан 2013-жылы мектепти капиталдык ремонттон откоруу учун долбоор жазууга каржылык жардам корсотулгон. Мектептин жылытуу системасы канааттандырарлык абалда. Таза суу маселеси мектепте эле эмес жалпы айыл боюнча чечиле элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: