super.kg logo

Казакстандык "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилгени блоггерди нааразы кылды

 

Жакында эле Казакстандын парламенттик шайлоосунда алдыга чыккан "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилген. Бул тууралуу казакстандык блогдордун биринде жазылды.

Казакстандык блоггер Руслан Ботайулы "Нур Отан" партиясынын форумуна катышып, андагы абалды жана партиянын кийимдерин кенен сүрөттөп берген. Акырында алардын кепкалары Кыргыз Республикасында тигилгенине нааразы экенин жазган.

"Кийим алганы кезекке туруп калбаш үчүн залдан эртерээк чыкканга аракеттендим. Бутум менен бир нерсе тебелеп алгандай болдум. Таманымды карасам, "Нур Отан" деген жазуусу бар кепканы көрдүм. Баш кийим болгондуктан, аны жерден көтөрүп алдым. Алаканыма кагып чаңын күбүп жатып анын ичиндеги этикеткасына көзүм түштү. Өз көзүмө ишенбедим! Жок, жалган! Көзүмдү сүртүп, кайра карадым. Чын экен. "Made in Kyrgyzstan" деп туруптур.

Кыргыз бир туугандар кийим-кечек тигишерине күмөнүм жок. Жашырып эмне кылайын, байпагым, ич кийимим кыргыз өлкөсүндө чыккан. А бул партиянын баш кийимине таң калбаганга аргам калбады.

Ушу ата мекендик кийим-кечени кийип жүрүүнү ким үйрөттү эле? Ата мекендик өндүрүштүн абалы жөнүндө кайсы партия сынактарды уюштурду эле? "Казакстандын жумушчуларынын таламын талашып, колдоп, бейишке алып барабыз" деген кайсы партия эле? Ошол партия ушундай ураан менен 82 пайыз добуш жыйнабады беле? Анан эмнеге партиянын иш-чараларына арналган кийимдерди ата мекендик ишкерлерге тиктирген эмес?"- деп жазган блоггер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
25.03.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Байкуш казак... Тубу Кыргыз экенин билбесе керек... Кыргыз улуу эл болгон жана болобуз.
25.03.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Башканыкын кийгиче биздикин кийсин эштеке болушпайт
25.03.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми айтты да койду да.
25.03.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кытайдын байпагын, Турктордун жемперлерин, Германиянын батинкелерин кийип эле журот го, Кыргыздын баш кийимин кийсе эмне болуптур, бир жери тушуп калабы?
25.03.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ооооо кыргызстан деле балее го алга!
25.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туз жаласын эмесе!!!
25.03.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
сапаты жакшы болгон учун тиктиришти да, анын эмнесине арданышат?
25.03.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жайнаган "made iс China" дан эле кийинетко

Ошо блогер тигилгени эле Кыргызстан болбосо, калган сырьесу Кытайдыкы экенин билбейт шекилдүү кездеме, тиккен машине, жибине чейин...


Болгону бизди кемсинткиси бар..
jemile түзөттү 2016-03-25 13:28:24
25.03.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Биргана себеп,болгону бизде арзаг тигилет.....
25.03.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Просто бизди тоготкусу келбейтат Кыргызстандан аз чыкса да саз чыгат, Алга Кыргыз!!!!
25.03.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нурсултан.Назарбаев.президент болгондо элдин алдына чыгып оз оозу менен айткан.Биз Казах эли туйубуз Кыгыз эли болобуз Кыргыздар болуп акырындык менен отурукташып болунуп Казахстан болуп Казах болгонбуз туйубуз Кыргыз болот деп айткан.Даже орустар билет ал айткан соз архивдерде бар.Ишенсенер ишенгиле Ишенбесер ишенбегиле.Ит уро берет Кербен журоберет.
Svoboda83 түзөттү 2016-03-25 16:55:31
25.03.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башеа олконукун деле кийип жатышпайбы.Биздикин кийишсе эч нерсе болбойт.Сапаттуу эмеспи.
25.03.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн Жакшы.Бизден тигилип чыккан кийимдерди Россияда баалап жакшы сатып алышат. Эмне ардагасын Руслан керек болсо Кыргыстандан чыккан кийимдер сапаттуу
26.03.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкада кийишет Кыргызстандын кийимин,казакстанда бизден чыккан кийимди кийе алышпайт,себеби таза жасалган,анан кымбат,нур отандын акчасы коп учун кийдинер,так что мактанып башындан тушурбой кий.
26.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми аны да түшүнсө болот байкуш күйүп бышып атканын бизде ошондой болсо андан жаман болмокпуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: