Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, Түп районунда жаш баланын шоктугунан короодогу саман жана отун күйдү
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 7, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодогу 10 түк саман, 0,3 куб отун күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин баласынын шоктугу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.