ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ: Мөөнөтү бүтүп калган паспортто резиденттик виза бар болсо, мамлекет аны "мындан ары жараксыз" деп алып калабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Кыргыз Республикасынын паспорту 10 жылдык мөөнөткө берилет эмеспи. Анан ошол паспорттун мөөнөтү бүтө электе чет өлкөдө жүргөн КРнын жараны паспортту алмаштырды дейли. Бирок эски паспортто ал жүргөн мамлекеттеги резиденттик визасы чапталган. Бул учурда эски паспортту өлкөдөн чыгып, тиги визасы чапталган өлкөгө кире берүүгө болобу? Же эски паспортту КРнын паспорт берген мекемеси "мындан ары жараксыз" деп алып калып жок кылабы? Суроо калтырган Shanson.
Жооп: - Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө жүрүп мөөнөтү бүтө элек паспортту алмаштыра албайт. Экинчиден, Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекетке чыгарда бара турган өлкөнүн визасын алыш керек. Ал виза КР паспортуна чапталат. Ошол паспорт жана виза менен барчу өлкөсүнө бара алат. Үчүнчүдөн, кандайдыр себеп менен Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп алса, анда ал түздөн-түз Кыргыз Республикасынын ошол өлкөдөгү элчилигине же консулдугуна кайрылып, жаӊы паспорт алууга тийиш. Ошол эле элчилик (консулдук) КР жаранынын визасын жаӊы паспортко койдуруп берүүгө жардам берет же ал өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштүү документтерди камдап берет. Ошондуктан ар бир Кыргыз Республикасынын жараны узак мөөнөткө (жумуш, окуу же башка себептер менен) барчу өлкөдө кыргыз элчилигинде консулдук каттоого туруусу зарыл.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

"Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө жүрүп мөөнөтү бүтө элек паспортту алмаштыра албайт".
- Бул жерден тактоо киргизип коёюн. КР жаранынын паспортунун мөөнөтү, айталы 2016-жылдын ноябрында бүтөт. Ушул эле паспортко ал жүргөн мамлекеттин 2018-жылга чейинки жарактуу резиденттик визасы чапталган. Жаран, айталы, майда КР га келип паспортунун мөөнөтү бүтүшүнө 6 ай калганда келип алмаштырганы атат.
Egerde sizdin ubakty butup baratkan Kyrgyz respublikasynyn jarandyk passport bolso jana sizdin al passportto AKSH, Arab olkolorunun rezidenttik vizasy bolso sizge al passporttu jany passport menen kosho kaitaryp beret, birok tushunuk kat arkyluu. Eski passportunuzdagy rezidenttik vizany jany passportunuzga kotorup alarynyz menen kaitaryp beremin dep.Menimche maalymat paidaluu boldu dep oiloim
Негизи, жогорттогу суроого Окмоттон так жооп болгон эмес, жоопту тагыраак жана суроонун маанисиге жетип туруп жооп берсе болмок!