super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин курч билдирүүлөрү Өзбекстандын үстөмдүк кылуу үмүтүн үздүбү?

 

Бүгүн, 25-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жети күндөн бери Кыргыз Республикасынын каршылык нотасына түзүктөп жооп кайтарбай жаткан Өзбекстан бүгүн сүйлөшүүнү сунуштады. Өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары Кызыл-Кыядан жолугушуп, Аксыда түзүлгөн кырдаалды талкуулашууда.

Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кечээги кескин билдирүүлөрү Өзбекстанды ойлондурган сыяктуу... Тунжуроо режиминде турган коңшулар 24 сааттын ичинде кыймылга келишти. Аймактан аскерлерин чыгарбаганы менен, сүйлөшүүгө биринчи болуп сунуш киргизүүсү коңшулардын жумшара баштаганын билдирет. Президент кечээ "Өзбекстан айласын таппай калды, керек болсо сууну бууп коёбуз...", "Согуш баштабайбыз, бирок тийишсе жообун берүүгө даярбыз...", "Мен президент болуп турганда өлкөбүз эч кимге чөгөлөбөйт..." деген курч билдирүүлөрдү жасап, Каримов жетектеген өлкө мындан ары Кыргыз Республикасына үстөмдүк кылуудан үмүтүн үзүшү керектигин айтты.

Президенттин позициясы тышкы саясатта маанилүү инструмент. Атамбаев кечээгидей тарс жарылып сүйлөбөй, жымсалдап эл сооротор сөздөрдү айтып тим болгондо, Өзбекстан бүгүнкүдөй "келиңиз, сүйлөшөлү" демек эместир, балким...

Чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсү бүтө электиги айтылды. Көпчүлүк кырдаалды жөндөө же Аксыдан аскерлерди чыгарып, жолду ачтырууда тараптардын тил табышуусун күтүп жатышат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотула элек. Түндү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында өткөрүштү. Бүгүн-эртең аларга карата соттун санкциясы чыгып, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы аныкталары айтылды. УКМКнын билдиришинче, Кадыров менен Асанов коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.

Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кылмышка шектелүүдө. Чиновникти Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери 25-мартка караган түнү кармашып, учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Расмий орган Жанабаева ага карата ачылган кылмыш ишине байланыштуу камакка алынганын билдирүүдө. Азыркы маалда прокуратура кызматкерлери аны суракка алышууда. Эл ичинде "майлуу-сүттүү орун" деп айтылган аталган кызматтын башчысы "кол алдында иштеген кызматкерине байланыштуу жасалма документке кол коюп, ал кызматкердин жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылышына тоскоолдук жаратты" деп айыпталууда. Бул жагы "карга карганын көзүн чокубайт" болгон өңдүү...

Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алары аныкталды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мунун 301,4 миңи балдары бар, жакыр үй-бүлөлөр.

Республика жарандарында социалдык коргоо, жөлөк пул берүү системине нааразычылык күчтүү. Айрыкча акыркы жылдары өкмөттөн жардам алган карапайым калктын чыдамы кетти. Социалдык түйшүк моюнга мингенин айтышып Нарын, Алай, Аксынын жана башка аймактардын тургундары премьер-министрге талап коюшкан.

"Дүйнөлүк каатчылык маалында башка мамлекеттердин өкмөтү элге жеңилдиктерди берип, социалдык колдоону күчөтөт. Биздики тескерисинче... Бир эски автоунаасы барларга "киреше булагың бар экен" деп жөлөк пул беришпейт. Автоунаасы 1 айда сом киреше таппаган үй-бүлөлөр менен Темир Сариевдин башы да оорубайт",- дейт Аксы районунун тургуну Шекербек Камчыбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(73)
25.03.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азамат Атамбаев эми Кыргызстан Өзбекстанга сууну бергенди токтотту деген жаңылыкты окуп калсак экен.
25.03.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Урматуу Кыргыз елим азыр Кыргызстана ото коп шанс бар озбектер коон дарбызын которуп келип жеп койгула бизге суу бергилечи детиргизип коюушубуз керек
25.03.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
sagynbekr, суу бербей койсок Коон дарбызы пышпай калат да
25.03.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тынчтык болсун согуштун кереги жок бекеринен кан тогулот экономика артка кетет 3кун суу бербей койгула оздору келет Кыргызстанга
25.03.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эркек аша азамат, биз сиз менен!!!!!
25.03.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул жерде ото чооооон саясат жатат.аксылыктар митинге чыкты ошого атамбаев баш оту менен киришти эл артынан туртуп турбаса иштебейт экенда.чек араны коргооо булардын милдети ошого жараша баткенди да чечип коюшсун
26.03.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nursultan67,эл чыкпаса да кантип чыдап жатат,акыры ал да адам.ал да кыргыз го!жаза бересинер..
25.03.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атамбаев эркек экенсинго.. бул ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:38:32
28.03.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BARSBEK.KG, провокацияга жол жок! Азырынча оозеки эскертүү!
25.03.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азырынча озбектердин пикири озгорду жана ажонун созу аларга катуу тийди дегенге эртереек. Озбектердин оздору биринчи сунуш кылып отурганынын артында бир чоон сыр бар,алар оной менен бериле койчу калк эмес алар ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ,биз эле кыргыз калкы жоош момун кен пейил меймандос калк. Бул суйлошуунун артында озбектер бир талап менен келишти алардан мындайды кутууго болот
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:40:28
28.03.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.kg., улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! 1 күн БАН!
25.03.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жерди бизге калтырып эл учун куйгон президент экенинизди корсотунуз эми!!
25.03.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алга кыргызым-жылдызым ынтымакта бололу, кыргызымдын эр журок жигиттери Ала-Тоодой эр журок болушсун.Тарыхта бардык женилуу ич ара келишпестиктен, болунуудон олко бытыранды болгон. АША эл учун иштесениз, элдин талабы аткарылса кыргыз элим дайым сизди колдойт.
25.03.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураныч адашпасанар мен Кербенден болом Ункур-тоо эмес,Унгар-Тоо
25.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kyrgyzkyzy99,Унгар деген кыргызда сөз жок, үңкүр деген сөз бар. Унгар деген өзбек сөзүбү? Просто өзбекче такыр билбейм.
25.03.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргызстандан барган суу менен эле алардын куну отот картадан карасан кыргызстан менен чектеш областары гана жашарып турат калган жерлери чол бозоруп жатат.
26.03.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргызда жакшы соз бар эл башы болгуча,суу башы бол деген.
26.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шеф молодец
26.03.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Суйунбогуло сюрприз эми даяр болот эртен менен. 100% Кыргызстандын пайдасына чечишпейт биздикилер.
26.03.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бар экен го президент! Созбой эле мурун жооп бербейби ушинтип!
26.03.2016. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле эгер биз сууну тосуп,кайра ачып салсак алардын бир областын тегиз агызып кетет экен!
26.03.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Женилдей туштум,Атамбаевдин кылган аракетин коруп! Журок кургур ордуна келе баштады. Оо кудай карапайым элибиз тынчтыкта,барчылыкта,ынтымакта омур сурсо экен!
26.03.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков чек арадагы соңку кырдаалды жумшартуу боюнча мунасага табуудагы жагдайды төмөндөгүчө белгиледи:- Сүйлөшүүлөрдө сөзсүз соодалашуу болуп, эки тараптан тең шарттар коюлат. Мында маселе ага карата биздин чек ара кызматынын жана өкмөттүн канчалык даяр экенинде. Себеп дегенде, эми мында соодалашуусуз иш бүтпөйт. Кээ бир маселеде биз кээ бир жеринен уттурсак, айрым жагынан утуп алышы мүмкүн. Бирок канткен мен
26.03.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
. Азыр эми негизги шартты Ташкент коёт. Анан биз тарап жанагы жолду бөгөп алган аскерлерди чыгарууну талап кылат. Менимче, мына ошолордун ортосунда соодалашуу болот. .
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-26 10:27:06
26.03.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин бийликтегилер ото алсыз,качан караба бир тараптан Казактар, бир тараптан Тажиктер, бир тараптан Озбектер жерлерди басып алганын аракет кылышат.Бул нерсенин баары биримдиги жоктуктан келип чыгып жатат.
26.03.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Казак, кытай, тажик, озбек жылып эле келатат жылдан жылга ичкерини коздой. Биз майдалап берип жатабыз. Же алар жылганын токтотподу биз бергенди токтотподу. Айкол, берешен атка минерлерибиз, келечек муун силердино каталарынарды кантип ондойт...Бир жолу ойлоп кордунор бекен.
26.03.2016. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алыскы ХХХ менен чектешкен Ала-Бука районундагы Кок-Серек айылынын Жети-Уй участкасына дагы ХХХ солдаттарын коюп алыптыр. Эмнеге бул участка боюнча Атамбаев же Сариев чара корбойт. Же ал жер чет жактагы стратегиялык мааниге ээ эмес жер болгондугу учунбу. Ансыз да коп жерлер ошол участкада ХХХ карамагына отуп кеткен арендага берилген боюнча. Супер инфо ушул жер боюнча тактап,так маалымат беришинерди отуном
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:52:14
28.03.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isa2014, башкалардын улутун мазактоого жол жок. 3 күн БАН! Ал эми сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
26.03.2016. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чаткал дарыясын тозуп салыш керек.
26.03.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bayas_tegin,Чаткал дариясына
мини ГЭС ти куруш керек бекер
эле агып жатат.Узурун ташкент
коруп атат.
26.03.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эзелтеден ата бабаларыз коргоп, сактап келген жерлерибизди, кайдагы бир теги дайынсыз элге кармата берип келечек муунга уятка калбайлы! Намыска бек туралы!
26.03.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ солдаттарын чыгарып кетишиптир!Азаматсыз Ажо!Сразу эле ошентип больной точкасына басыш керек эле!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:57:03
28.03.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai, башкалардын улутун мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
26.03.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суйлогон созуно таазим урматтуу президент. Жерди сатпайлы коргойлу улуу кыргыз экенибизди унутпайлы.
26.03.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына уже чыгып кеттиииииии озбектер)))
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:58:08
26.03.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек ара маселеси биздин кыргыз элина жана окмотко чоон сабак болду.Эгер биздеги суулар Озбекстанда болгондо Каримов кыргыз элин чоголотуп коймок суу бербей,ошого президенттен окмоттон кыргыз элине кайрылат элем биз Озбекистанга аскери жактан утулабыз бирок бизде СУУ бар суу биздин куралыбыз эми биргелешип бир жакадан баш бир женден кол чыгарып коп коп ГЭС терди суусактагычтарды кууру зарыл Ойгонгула
26.03.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер Кыргыз тараптын пайдасында калдыбы ХХХ ХХХ??? ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-28 15:58:38
28.03.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulsarat, башка улутту мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
26.03.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чечкиндуу кадамдар болсо зкен .Сиздер менен мен да кубанычымды болушом.биз да президентти колдойлу.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: