super.kg logo

Бүгүндөн тарта "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында ипотекалык насыя бериле баштады

 

Бүгүн, 25-марттан тарта "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому алгачкы мамлекеттик ипотекалык насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жалал-Абад жана Ош облустарындагы мамлекеттик банктардын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларына турак жай алуу үчүн каражат берет. Алгачкылардан болуп медицина жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер алышты. "Банктык сыр" мыйзамына ылайык, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун кардарлардын тизмесин жарыялоого укугу жок. Учурда потенциалдуу алуучулардын жалпы саны 185 адамды түзөт. Негизинен алар мектеп мугалимдери, медицина кызматкерлери жана социалдык жумушчулар.

Баткен облусунда 9 мугалим, 4 медицина кызматкери жана 1 социалдык жумушчуга насыя берилет. Жалал-Абад облусу боюнча 11 билим берүү, 10 медицина жана 4 социалдык кызматкерге берилет. Ысык-Көл облусунда 6 медицина жана 9 билим берүү кызматкери тизмеге кошулган. Нарын облусу боюнча 1 социалдык, 4 медицина ишканасынын жана 5 билим берүү кызматкери алат. Талас облусунда 5тен медицина жана билим берүү кызматкерлери алышат. Ош облусу жана шаары боюнча 20 билим берүү жана 13 медицина өкүлдөрүнө берилери күтүлүүдө. Чүй облусу боюнча тизмеге 10 билим берүү, 10 медицина тармагындагы жана 10 социалдык кызматкер кирген. Бишкек шаары боюнча комиссия 24 билим берүү, 20 медицина жана 4 социалдык кызматкердин тизмесин берген.

Мамлекеттик ипотекалык насыяларды алууну каалагандарды каттоо дагы да уланууда. Кызыкдар болгон жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышса болот. Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери арызды иштеген жерине ылайык беришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.03.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы урматтуу Супер-Инфо Кыргызстанда иштебей Россияда иштеген же окмотто иштебегендер да алса болобу? жооп берип койунуздарчы же каерден суроомо жооп алсам болот?Рахмат.
25.03.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Svoboda83, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, сурооңузду тиешелүү бөлүмгө калтырып койсоңуз болот: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
25.03.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,Чоон рахмат.
25.03.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Svoboda83, "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" өзүнүн сайты бар, ошону издеп тапсаңар кеңири маалымат аласыңар... www.gik.kg же (312) 62-14-34
ушул номерге чалып көрсөңөр...
26.03.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ипотека сом менен толонсо жакшы болмок,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: