super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Куу болуу пайдалуубу же зыянбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Куу болуу пайдалуубу же зыянбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темада көпчүлүк куулукту амалкөйлүк менен катар карап, анын керектигин, пайдалуу экенин айтышууда:

"Аялзаты, орусча айтканда, "хитрая", "мудрая" болуш керек. Турмушта бул сапаттардын аял үчүн пайдасы тийбей койбойт. Алсак, айрым эркектер өтө намыскөй келишет, аны аял башкаруусун каалашпайт. Амалкөй аял өз каалаганын буйрук иретинде эмес, сунуш иретинде "Мындай кылсак жакшы болмок, ошого сен кандай карайсың?" деп сылык түрдө өз айтканын кылдырып алат. Амалкөй аялдын дагы бир куралы - анын жылмаюусу. Жылмаюу аркылуу ал өзүн бир тараптан күчтүү көрсөтсө, экинчи тараптан башкаларга жылуулук тартуулап турат. Амалкөйлөр жолдошу үйүнө кечигип келсе "Акмак, кайда жүрөсүң?" деп бакырып киргендин ордуна "Жакшы келдиңби, курсагың токпу?" деп жылмаюу менен тосуп алышат экен. Карап көрсөк, амалкөйлүк да жашообузда канчалык бир даражада олуттуу роль ойнойт. Болгону туура колдоно билүү гана жетиштүү".

"Азыркы түлкү заманда куу болуунун зыян жагын көрө элекмин, жашоого тың экендикти далилдейт. Болгону жагдайга карап туура пайдаланыш керек".

"Көп учурда курал катары колдонуп коём, бирок сүйүктүүмө эле. Пайдасы көп тиет. Аялзаты өзү амалкөй, куу келебиз".

"Куулук бардык эле аялзатында бар. Убактысы келгенде кээ бирөө билип колдонот, кээ бирөө байкабай калат кайсы "куралды" колдонуп жатканын, куулук керек нерсе".

Ошондой эле буларга каршы пикирлер айтылууда:

"Мага куу адамдар такыр жакпайт. Бир аз эле куулугун билип калсам, мамилемди үзүп коём".

"Куу адамга ишениш кыйын, колуңдан баары келип турганда жаныңдан чыкпай, кыйналып турганда алыстайт. Негизинен, куулук начар сапатка кирет".

"Куу болбой эле, өзүбүзгө тың болушубуз керек".

"Куу дегенди өзүмчүл, алдамчы, эки жүздүү деп түшүнөм. Ишти, мамилени жөнгө салуу үчүн амалкөйлүктү, акылдуулукту эле үйрөнүү зарыл".

Мындан башка да түрдүү пикирлер айтылууда. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
27.03.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куулук аялдарга тиешелуу сапат деп ойлом.аялдар куу,амалкой келебиз. Мен куу эмесмин дебей эле койгула бул-жаратылыштын мыйзамы
27.03.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Макоо кыздар коп азыр
27.03.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куулук ,бир жагы бироону алдап сызга отургузуу эмес балким алдатпоо .. озуно тын болуу...
ал эми экинчиси аялдар куубуз деп куйоосуно куулук кылып коюшу мумкун,бирок келин кайнененин камырынан демекчи,келини да куу чыкса.....
27.03.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Куулук менимче коп жаман кырдаалдан,терс зыян жактардан сактануу учун абдан керек го менимче. Копчулук жаман жагдайлардан " суудан курук" чыгып кетууго коп жардам берет. Айрыкча азыркы турмушта куу болбосон,устуно "эшек жайлоо" кылып алгысы келгендер арбын.
27.03.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG,суудан КУРГАК
27.03.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG,туура.
27.03.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Оз укугунду биле журуу, алданбоо куулукка кирбейт. Куу деген терс каарманды билдирген соз. Терс нерседен алыс болушубуз керек. Куу адамдар оздорун акылдуумун деп ойлойт. Куу деген соз туздон туз честный эмес дегенди билдирет.
27.03.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
куу болуу куулардын жанында пайдалуу, жонокойлордун жанында зыян.
27.03.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ойлойм куулук бул адамдык сапатка жатпайтко, куу адамдар жакпайт мага.
27.03.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кечээ уйдо чыр чыкты.
Чырда катын тын чыкты.
Ачууланган куйоосун.
Уч соз менен тынчытты.

Ал кандай соз ким билет?
Аны уккан жым журот.
Андай ширин соз болсо.
Жаттап алсын мин журок.

Күйөө келип жиндеди.
Аялыны тилдеди.
Аял кайым айтышпай.
Сүйөм сизди ий деди))

Эрдин түгөп чатагы.
Жарк дей түштү кабагы.
Басып койду баарыны.
сыйкырдуу сөз баааягы))
28.03.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairermatov,аябай сонун ))
27.03.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкысы адам керчилик керек а бирок темага жооп катары
Баарынын чеги менен болуш керек
27.03.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз эркектер табияттан корс келебиз, бул биздин кемчилигибиз, ошого чыдап жашап келе жаткан аял заты баа жеткис!
27.03.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куу жана митаам аялдар көбүнчө өздөрүн амалкөймүн деп ойлошот... А куу эркектердин көбүнчөсү, орусча айтканда искренний дос жана өмүрлүк жар эч убакта боло албайт...
27.03.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кееде куулук кылып да жашоого туура келсе керек да.Бирок куулукту билген куу еркек да дар да аялдын баары еле куу болсо анда жашо башкача болмок билсенер.
27.03.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмча куулук дагы муноз болсо керек,кээ бир адамдар менда эми куу болом дейт бирок боло албайт,негизи куу адамдар мага да жакпайт,ташын жогору кулаганда жанынан чыкпайт,ташын томон кулаганда издепта таппайсын
tursunbaev2016 түзөттү 2016-03-27 18:04:54
27.03.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча ар сапатты жакшы ж-а жаманга колдоно аласын.алсак эгоизм да бардык адамда сөзсүз түрдө болот.бир нерсеге ээ чыгуу.ал сапаттын көбү зыян.аша менсинүү.азы да зыян жоопкерчиликсиздик.жалган айтуу мисалы эки жакты жараштыруу болсо жакшы,башкасы жаман сыяктуу дегендей...куулук да ошондой...абалга жараша.
27.03.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшынын бир сапаты куу деп койчу беле? Куу м.н арамзаны салыштырбаш керек го дейм...
28.03.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куунун орусчасы хитрыйбы?андай болсо куу адамдарды коргондо кыжырым кайнап турат корсо да кормоксонго салып же билседа калп билмексенге салып озуп ачык айрым адам болгон сыяктуу керек болсо куу адамдардан корком анткени алардын оюнда не бар билбейсин бирди суйлоп башканы ойлоп олтурган болот
28.03.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куу болом деп еле куу болголу болбойт екен,тажырыйбалар топтолуп нечен ташка сүзгөндөн кийыингана байкалбай куу боло баштайтко чиркин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: