super.kg logo

Ысык-Көл облусунда 12 килограммдан ашуун баңгизат менен 31 жаштагы жаран кармалды

 

Ысык-Көл облусунда 12 килограммдан ашуун баңгизат менен 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 25-март күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Ысык-Көл районунун Темир айылында Ж.Ж. аттуу айдоочуга тийиштүү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде Балыкчы шаарынын 31 жаштагы А.А. аттуу тургуну да бар болгон. Унаанын ичин текшерүүгө алган маалда А.А. деген адамга тийиштүү 11 килограмм 989 грамм марихуана жана эки литрлик банканын ичинен 557 грамм гашиш табылган. Баңгизаттын жалпы көлөмү 12 килограмм 546 граммды түздү.

Аталган факт боюнча кылмышка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: