Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмаларын берди



Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Мындай милдет бүгүн, 28-мартта президенттин кабыл алуусунда болгон шаар башчысы Салайдин Абазовго жүктөлдү.
Жолугушууда Жалал-Абаддын мэри президентке шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү, курулуп жаткан жолдор жана социалдык мекемелер, таза суу менен камсыздоо тууралуу маалымат берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, мэр бюджеттик чечимдердин ачыктыгы ишти алдыга жылдырууга түрткү берип жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

