super.kg logo

Бишкек Тынчтык вахтасын колдоп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын даңктоо жана мекенди сүйүүгө багытталган акцияга катышууда

 

Эртең, 29-мартта "Биз миллион панфиловчубуз!" Тынчтык вахтасынын желеги Бишкек шаарынан Саратов шаарына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун неберелери жана Саратов шаарынан келген атайын өкүлдөр катышары күтүлүүдө. Иш-чаранын башкы максаты - Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөндөрдү даңктоо, кийинки муунга мекенди сүйүү боюнча тарбия-сабак берүү.

Иш-чаранын алкагында студенттердин ардагерлер менен жолгушуусу, илимий конференция орун алып, И.Панфиловдун неберелерине сөз берилмекчи. Ошондой эле Панфилов сейил багында жөө жүрүш, эстелик алдында митинг жана гүл коюу иш-чаралары болот.

Ушундай эле аталыштагы иш-чаралар Орусия жана Казакстандын да бир катар шаарларында болуп жатат. Бишкек "Биз миллион панфиловчубуз!" иш-чарасына катышып жаткан 7-шаар болуп калды. Акция ушул жылы Москванын алдындагы согуштун 75-жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө арналган иш-чаранын алкагында жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: