super.kg logo

Кыргыз футболчуларына каршы беттеш алдында Тажикстандын машыктыруучусу жүрөк оорусунан улам ооруканага жеткирилди

 

Футбол боюнча Тажикстан курама командасынын машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы футбол адисине дарыгерлер убактылуу футболду таштоону, ден соолукка кам көрүү үчүн бейтапканага жатууну кеңеш кылышкан. Команданы 29-марттагы кыргыз футболчуларына каршы беттешке анын жардамчысы Роман Пилипчук даярдап, жетектеп чыгат.

Кошумчалай кетсек, Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттеши 29-мартта Бишкек сааты боюнча 19:00дө орун алат. Беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 10-турунун алкагында "В" тайпасында өтөт.

Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугуна баруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарганын, тайпада 3-орунду ээлегенин эске алганда, бул оюнда жеңиш же жеңилүү тайпадагы абалды өзгөртпөйт. Атаандаштар спорт принцибине таянып, жеңиш үчүн майданга чыгууну максат кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.03.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздикилерден коркуп журогу тушур калган го.
28.03.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Катуу коркконго дейм...
28.03.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Доктор Айболотту жардамга чакырыш керек .
28.03.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясат эмеспи. Утулуп калышына козу жетип. Анан озум жок болчумун дегенге женил.
28.03.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаа берсин байкушга,журок ооруу жаман да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: