super.kg logo

Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап музей ишке кирет

 

Тарых жана маданият жылын өткөрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосунда Ысык-Көл жээгиндеги заманбап музейдин ачылышына карата Бишкек шаарында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафондун максаты көркөм музейдеги Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин эмгектерин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, калыбына келтирүү иштерин бүтүрүүгө багытталган. Музейге Юристанбек Шыгаевдин автордук сүрөттөрү, ошондой эле анын Япония, Орусия, Германия, Казакстан, Молдова, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештеринин эмгектери коюлат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Юристанбек Шыгаев: "Адамдын акыл-ою, маданиятынын өсүп турганы абдан маанилүү. Маданий байлыктарыбыздын жоголуп баратканы көңүл оорутат. Музей-мектептин уникалдуулугу - анда досторумдун чыгармаларынан даярдалган коллекция көрсөтүлөт. Коллекция көп жылдар бою, тагыраагы, студенттик кезден бери чогултулган. Мен үчүн чогултулган коллекциялардын ачык жана көпчүлүк үчүн жетүүгө оңой болгону маанилүү",- дейт.

Учурда коллекциялардын саны 1000ден ашуун. Музейдин базасынын алкагында мектеп ачуу да авторлордун планында каралган. Анда бардык каалоочулар келип окуй алышат. Окуу процесси бир жылга созулушу мүмкүн. Ошондой эле түрдүү тренинг, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда. Оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иш-аракеттери ушул жылдын сентябрь айына пландалууда. Музей Кажы-Сай айылында жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: